ӨКМ селдин кесепетинен Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында калган 1300дөн ашуун адам эвакуацияланганын билдирди.
Ага ылайык, тик учак менен Абшыр-Атадан 5 адам (2 жашы улгайган, 2 келин, 1 бала) Кезарт жайлоосунан 10 адам (3 жашы улгайган, 3 келин, 4 бала) эвакуацияланып, коопсуз жайларга жайгаштырылды.
Жарандар жеринде медициналык кароодон өтүп, алдын ала уюштурулган унаалар менен жашаган жерлерине жеткирилди.
"Жалпысынан 1300дөн ашуун эс алуучу куткарылган. Абшыр-Сайдан эвакуацияланган жарандарын ичинен жабыркагандар жок. Куткаруу иши аяктады" деп жазылды маалыматта.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Ноокат районундагы селдин кесепетинен 6 адам каза болгону айтылды.