Ноокатта сел кесепеттерин жоюуда 450 адам, 85 инженердик техника иштеди

Ноокатта селдин кесепетин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда ӨКМден билдиришти.

Белгиленгендей, селдин кесепетинен Ноокаттын Абшыр-Ата эс алуу аймагында унаа жолу жараксыз болгондуктан эвакуациялоо, издеп-куткаруу жана сел кесепеттерин жоюу үчүн штаб түзүлгөн.

Маалыматка ылайык, 130 куткаруучу, 1 тик учак, 7 инженердик техника тартылган. Анын үчөө экскаватор, экөө самосвал, эки тралл.

"Ал эми райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан жана айыл аймактан 320 адам, 74 инженердик, атайын техникалар тартылган. Жалпысынан 450 адам, мындан сырткары миңдеген ыктыярчылар, 1 тик учак, 85 инженердик жана атайын техника иштеди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ӨКМдин куткаруучулары Абшыр-Ата эс алуу жайынан жалпы 1400гө чукул эс алуучулар Абшыр-Ата, Кезарт, Көгарт багыттары боюнча эвакуацияланды. Алардын 21и тик учак менен коопсуз жайга чыгарылган.

Эске салсак, 28-июнда Ноокаттын Абшыр-Ата айылында сел жүргөн. 29-июнда Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында калган 1300дөн ашуун адам коопсуз жайга чыгарылды.

Ноокат районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилген.

Ноокаттагы селден каза болгондордун саны тогуз кишиге жетти. Учурда аталган аймакта селдин кесепеттерин жоюу жана үйлөрдү тазалоо иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан