Ноокатта селден каза болгондордун саны 9га жетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ноокат районунда селдин кесепетинен каза болгондордун саны тогуз кишиге жеткенин билдирди.
Министрлик бүгүн, 30-июнда тараткан маалыматка таянсак, Абшыр-Ата айылында издөө иштеринде жаш баланын сөөгү табылган. Маркумдун жансыз денеси ИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда аты-жөнү, туулган жылы такталууда.
Бүгүн издөө иштерине ӨКМден 53 куткаруучу, ИИМден 120 кызматкер, Коргоо министрлигинен 50 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 150 адам тартылды.
Буга чейин 28-июнда катталган Ноокаттагы селден сегиз адам каза болгону маалымдалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан