Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу өкмөт тарабынан бүгүн, 2-июлда кабарланды.
Ага ылайык, Сапаралиевди жамаатка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырган.
Анда “Биздин мамлекет өлкөбүзгө пайда алып келе турган жаратылыш ресурстарына бай. Бул тармак экономикабыздын локомотиви боло алат деген ойдобуз”, - деген Жапаров министрдин милдетин аткаруучуга ийгиликтерди каалады.
Эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Сапаралиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.