Азис Сапаралиев жаратылыш ресурстары министринин милдетин аткаруучу болду

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп Азис Сапаралиев дайындалды. Бул туурасында президенттин администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Азис Сапаралиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Буга чейин аталган министрликти Мелис Тургунбаев жетектеген. Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан