Грузиянын курама командасынын оюнчуларына "Евро-2024" мелдешинин сенсациялуу жыйынтыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Өлкө президентинин басма сөз кызматы Саломе Зурабишвили мамлекет башчысы грузин футболчуларын "Ардак" ордени менен сыйлаганын билдирди. Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 2-июлда Тбилисиде өттү.
Белгиленгендей, сыйлыкты Еврокомандага кирген оюнчулар гана алышкан. Муну менен катар өлкөнүн премьер-министри өлкөгө чемпиондукка тарыхый жолдомо алып келген бардык оюнчуларга сыйлык тапшырды.
Грузиянын футбол боюнча курама командасы тарыхта биринчи жолу Европа чемпиондугуна жолдомо алды.
Тайпалык баскычта команда сенсациялык түрдө Португалия курамасын жеңип, плей-оффко өткөн.
Евро-2024 мелдешинин 1/8 финалында грузиялыктарды Испания курамасы жеңип алган.
Белгилей кетсек, Криштиану Роналдунун командасын жеңгенден кийин Грузияда массалык майрамдар болгон.