"Евро-2024": Грузия тарыхый жеңишке жеткенден кийин Тбилисиге миңдеген адамдар чогулду (видео) 

Тбилиси шаарынын тургундары "Евро-2024" тайпалык турниринде Грузия курама командасынын Португалия менен болгон футбол беттешинде жеңишин жана команданын Европа чемпиондугунун 1/8 финалына өткөнүн майрамдашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Тбилисиде тургундар Грузиянын желектери менен көчөгө чыгып, “Грузия, алга!” деп ураан салышты. Шаардын борбордук проспектилерине жана көчөлөрүнө эл толуп, чоң унаа тыгыны пайда болду. Автоунаалар грузин желегин желбиретип, айрым тургундар унаалардын чатырына чыгып, улуттук гимнди ырдашты.

Белгилей кетсек, Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпиондугунун тайпалык этабынын финалдык - үчүнчү бөлүгүндө Грузия курама командасы Португалия курамасын жеңип алды. "F" тайпасынын жолугушуусу Гельзенкирхен шаарында өтүп, 2:0 эсебинде Вилли Саньол жетектеген команданын пайдасына аяктады. Голдорду Хвича Кварацхелия (2-мүнөттө) жана Жорж Микаутадзе (57-мүнөттө пенальтиден) киргизген.

Грузиялыктар командасы Евро-2024 чемпиондугунда плей-оффко чыккандыгын майрамдашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан