
Кыргызстанда ушул жылдын 6 (январь-июнь) айында 33 миң 772 жаран пенсияга чыкты. Ал эми июнь айында 2813 жаран пенсияга чыккан.
Мындай маалымат Социалдык фонддун расмий сайтында көрсөтүлөт.
Андан тышкары эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 633 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.
Белгилей кетсек, буга чейин 1-июлдан тарта пенсия көбөйөрү айтылган. Ага ылайык,
буга чейин колуна 1000 сом алган пенсионерлер эми 10-июлдан тарта 3500 сомдон алышары маалымдалган.