Миң сомдон алгандар эми 3,5 миң сомдон ала башташат. 1-июлдан тарта пенсия көбөйөт (сүрөт)

Бүгүн, 28-июнда президент Садыр Жапаров өлкөдөгү пенсияларды жогорулатуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчысы пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 18 пайызга, бирок 1000 сомдон кем эмес жогорулайт, башкача айтканда жогорулатууну жана пенсионердин жашоо минимумунун өлчөмүнө чейин жеткирүүнү эске алуу менен пенсиянын базалык бөлүгү жогорулай тургандыгын билдирди.

“Буга чейин колуна 1000 сом алган пенсионерлер эми 10-июлдан тарта 3500 сомдон ала башташат. Ал эми 10-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6900 сомдон кем эмес болот. Бул оңойго турган жок, бирок биз буга акыркы жылдары коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы активдүү жана элдешкис күрөш жүрүп жаткандыгынын, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында өлкө экономикасынын өсүшүн камсыз кылуу менен жетише алдык”, - деди Садыр Жапаров.

Соцфонддун жетекчиси Бактияр Алиев жыйында маалымат берип жатып, өлкө башчысынын тапшырмасы менен пенсионердин жашоо минимумунан кем кылбоо үчүн пенсия 2024-жылы көбөйөрүн белгиледи.

Бул үчүн 2 этап менен кошумча 20 миллиард сом бөлүнөт. Пенсияны жогорулатуунун 1-этабы 2024-жылдын 1-июлунда ишке кирип, анда эң минималдуу пенсия 3 500 сом болот. Ал эми 2-этап октябрь айында ишке кирип, пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 18 пайызга, бирок 1000 сомдон кем эмес жогорулайт. Буга 2024-жылдын 3 айы үчүн 3 миллиард 927 миллион сом кошумча каражат керектелет. Бул каражаттын 3 миллиард 140 миллион сому пенсиялык фонддон, 787 миллион сому республикалык бюджеттен каржыланат.

Жыйынтыгында, 2024-жылдын октябрь айынан тарта өлкөдө эң минималдуу пенсия 6900 сомду түзүп, жалпысынан 3 жыл аралыгында пенсияны жогорулатууга кошумча 60 миллиард сом сарпталды. Ошондой эле анын айтымында, 2021-жылга чейин пенсионердин жашоо минимумунан төмөн пенсия алган пенсионерлердин саны 349 миң адамды же өлкөдөгү жалпы пенсионерлердин 49 пайызын түзсө, 2023-жылга карата бул көрсөткүч 306 миң адамга азайып, 40 пайызга чейин кыскарган. 2024-жылдын октябрь айынан тартып бул көрсөткүч толугу менен жокко чыгарылат”, - деп билдирген ал.

Маалыматты уккан соң президент пенсиялык системаны реформалоого, пенсиянын майнаптуулугун жогорулатууга багытталган мыйзамдарга кол койду. Эми бул реформага багытталган мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүшү зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан