Ноокаттагы сел: Абшыр-Ата жайлоосунда калган унаалар чыгарылды

Ноокат районунун Абшыр-Ата жайлоосуна кеткен жол толугу менен калыбына келтирилип, унаа жолу саат 17:00дө ачылды. Бул тууралуу кечээ, 6-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалым болгондой, 28-июнь күнү жааган нөшөрлүү жаанда калып кеткен унаалар ӨКМ куткаруучуларынын коштоосунда узатылды.

"Учурда ӨКМдин инженердик техникалары негизги жол каттамын толугу менен калыбына келтирип, мындан ары дарыя нугунда тазалоо, суунун нугун ачуу иштерин жүргүзөт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 28-июнда Ноокаттын Абшыр-Ата айылында сел жүргөн. 29-июнда Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында калган 1300дөн ашуун адам коопсуз жайга чыгарылган.

Ноокаттагы селден каза болгондордун саны он кишиге жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан