Кытайдын чыгышындагы торнадодон каза болгондордун саны 5ке жетти (видео)

Шаньдун провинциясынын Хэцзе шаарында торнадо болуп, беш киши каза болду. Бул тууралуу кытай басылмалары битлдиришти.

Аталган шаардын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы 5-июлда Хэцзе шаарына караштуу Дунмин жана Жуанчен уездеринде торнадо болуп, 88 адам ар кандай жаракаттарды алып, алардын бешөө каза болгондугун маалымдашкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бороондун кесепетинен жалпысынан 2820 имарат жана 48 электр чубалгылары жабыркаган.

Мындан тышкары кырсыктан 4060 гектарга жакын айыл чарба жери жабыркаган. Оңдоо иштеринен кийин транспорттук байланыштар, суу жана электр энергиясы калыбына келтирилген.

Учурда жергиликтүү издөө-куткаруу кызматынын кызматкерлери жабыркагандарды эвакуациялоо жана жайгаштыруу иштерин жүргүзүп, адистер келтирилген чыгымды комплекстүү тактоодо.

Эске салсак, буга чейин 5-июлда Кытайдын чыгышындагы Шаньдун провинциясындагы Дунмин уездинде болгон торнадодо бир адам каза болуп, 79у жарадар болгону кабарланган.

Кытайдын чыгышындагы торнадодон каза болгондордун саны 5ке жетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан