Кечээ, 5-июлда Кытайдын чыгышындагы Шаньдун провинциясындагы Дунмин уездинде болгон торнадодо бир адам каза болуп, 79у жарадар болгонун Синьхуа агенттиги кабарлады.
Торнадо округдун административдик борборунун аймагын, Кайюаньжи жана Шаво айылдарын каптаган.
Жабырлануучулар ооруканаларга жеткирилген. Учурда кырсыктан келтирилген чыгым такталууда.
4-июлда Йинань округунда да торнадо болуп, жабыркагандар катталган эмес.
Кытайдын Улуттук метеорологиялык борбору Шаньдун провинциясында жылына торнадо болуп турарын белгиледи.