ЖАК Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү абактан кат жазганы боюнча түшүндүрмө берди

Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов абактан билдирүү жөнөтүп, коркутуп жатканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анда ал "Катуу режимде жатат имиш! "Качып чыгып кетиш мен үчүн оңой" дейт. Номерди алмаштырсам дагы коркутуулар таң атпай кайра келип баштады", - деген.

Жазаларды аткаруу кызматы аталган факты боюнча кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

"Чогутулган бардык материалдар прокуратурага жөнөтүлөт" деп билдиришти кызматтан.

Эске салсак, былтыр 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн. Милиция мурдагы аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

26-январда Чүйдүн Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду коюлган 11 айыптын ичинен 10 айып боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан