Чүйдө аялынын бети-башын кескилеп салган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, бүгүн, 20-сентябрда Сокулук РИИБине Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 1987-жылы туулган Н.А. аттуу жаран бычакталып, ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү 1984-жылы туулган Э.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйноого алганы боюнча маалымат социалдык тармактарга жарыяланган. Жабыркаган келин оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканы да айтылган болчу.