Бишкекте боору алмаштырылган бейтаптар үйүнө чыгарылды (сүрөт)

Кыргыз-түрк достук ооруканасында боору алмаштырылган эки бейтап үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир ай бою хирургдар, трансплантологдор, гастроэнтерологдор жана реаниматологдордон турган адистер бейтаптардын абалын көзөмөлдөп турушкан.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев учурда дагы 15 адам боорду алмаштыруу операциясы үчүн кезекте турганын, анын ичинен төрт адамга ылайыктуу донорлор бар экенин жана операцияга чейинки бардык зарыл текшерүүлөрдөн өтүп жатышканын айтты.

Ошондой эле министр Улуттук хирургия борборунда гепатология бөлүмү түзүлүп, бейтаптар ай сайын адистердин көзөмөлүндө болорун белгиледи.

Эске салсак, 10-июнда өлкөдө алгачкы жолу акысыз боорду алмаштыруу операциясы жасалган. Операциялар толугу менен президенттик фонддон каржыланып, бейтаптарга кошумча чыгым тарттырбай кымбат медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан