"Жатаканада жашаган". Евро-2024түн мыкты футболчусу аталган Родри тууралуу кызыктар

Германияда өткөн Евро-2024 оюнунун финалдык беттешинде Испания Англияны 2:1 эсебинде утуп, Евро чемпиондугун төрт жолу жеңген алгачкы өлкө болду.

Анда Испаниянын футбол боюнча курама командасынын 28 жаштагы жарым коргоочусу Родри аталган чемпиондуктун мыкты оюнчусу деп табылды.

Ал албаниялык командага каршы беттештен тышкары, турнирдин бардык оюндарына катышты. Спортчу чейрек финалда Италияга гол киргизип, командасынын жарым финалга чыгышына себепчи болду. Ал беттештерде бир катар так пастарды бере алганы менен өзгөчөлөндү. Футболчу 2019-жылдан бери англиялык "Манчестер Сити" клубунда ойноп келет.

SUPER.KG порталы Родринин жараткан ийгиликтерин тизмектөө менен футболдук карьерасын баяндайт.

Родриго Эрнандес Касканте

Родри деген ат менен таанымал Родриго Эрнандес Касканте 1996-жылы 22-июнда Испаниянын Мадрид шаарында төрөлгөн. Атасы футболчу, экинчи дивизиондо ойногон, бирок белинен жаракат алып, карьерасын эрте бүтүрүүгө аргасыз болгон.

Родри бала кезинен футболго кызыккан. Ал топтун аркасынан көп чуркабаса дагы, телевизордон футболдук оюндарды көрүп, ыкмаларды талдаган.

Родри "Райо Махадаонда" чакан клубунун жаштар командасында ойноп карьерасын баштаган. 2007-жылы ал "Атлетикого" келген. Футболчу улуттук курама менен 17 жашка чейинкилер арасындагы Европа чемпиондугуна барып, жеңишке жетишкен. 2013-жылы "Атлетико" жаш жигиттин физикалык өзгөчөлүктөрүнөн жана боюнун кыскалыгынан улам аны менен келишимди үзгөн.

Мындай күтүүсүз бурулуштан кийин Родри спорттон кетүүнү чечкен. Футболчунун атасы билим алып, ар кандай багытта өнүгүүсү маанилүү экенин айтып баласын колдогон. Родри атасынын сөзүн угуп, 18 жашында Кастилья университетинин бизнес башкаруу факультетинин студенти болгон. Мындан тышкары ал англис тилин үйрөнүү үчүн АКШга жана Ирландияга барган.

Анткен менен Родри футболдон кеткен эмес. Ал 2013-жылы "Вильярреалга" чакыруу алган. Ал физикалык жактан машыгууну баштап, кийин бою 190 сантиметрден ашкан. Ошентип ага футбол менен окууну чогуу алып кетүүгө туура келген.

Футболдук карьерасы

"Вильярреал"

2015-жылы Родриго "Вильярреал" футболдук клубуна кирип, бирок жаштар курамасында гана ойноону уланткан. Коргоочу негизги командага кошулууга 2016-жылдын 17-апрелинде "Райо Вальекано" менен болгон оюнда Денис Суарестин ордуна чыкканда мүмкүнчүлүк алган. 3-ноябрда Европа лигасынын алкагында түркиялык "Османлыспор" менен болгон оюнда ал "Вильярреал" үчүн гол киргизген.

Ал Ла Лигада ойноп баштаганда жатаканада жашап, университетте окуусун уланткан. Жалпысынан ал "Вильярреалда" 84 беттешке катышып, анда эки гол жарата алган.

"Атлетико Мадрид"

2018-жылдын жазында Родриго Атлетико Мадридге өтүп, 5 жылдык келишимге кол койгон. Трансфердин суммасы 20 миллион еврону түзгөн. Жарым коргоочунун дебюту 25-августта "Райо Вальекано" менен болгон оюнда болду. Ал бир гана сезон ойноп, 47 беттеште үч гол киргизүүгө жетишкен.

"Манчестер Сити"

2019-жылы жайында Родригого "Манчестер Ситиден" сунуш түшүп, "Атлетикого" 70 миллион евро компенсация төлөп берген. Испаниялык жарым коргоочунун англиялык клубдагы дебюту өлкөнүн Суперкубогу үчүн "Ливерпуль" менен болгон беттеште (пенальти боюнча 5:4) болгон. Ал тез эле Хосеп Гвардиоланын командасындагы негизги оюнчулардын бирине айланды.
Родри 2022-23-жылдардагы сезонунда "МанСитинин" треблине чоң салым кошту – Англия кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңишкен.

Испаниялык футболчу жалгыз голду Чемпиондор Лигасынын финалында "Интерге" каршы киргизген. Анын аркасы менен "шаардыктар" биринчи жолу клубдардын негизги турнирин жеңип алышты.

Испания курама командасы

2017-жылы Родриго Испаниянын жаштар курамасында дебют жасаган. Ошол жылы Польшада өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда испаниялыктар күмүш медалга ээ болушкан.

Родри 2018-жылдын 23-мартында Германия курама командасы менен жолдоштук беттеште ойноп, өлкөнүн башкы командасында дебют жасаган. 2021-жылы Родри улуттук команда менен Улуттар Лигасында күмүш медалга ээ болуп, 2022-23-жылдардагы сезонунда бул турнирди утуп алышкан.

Ийгиликтери

"Алтетико Мадрид"

УЕФА Суперкубогунун жеңүүчүсү (2018)

"Манчестер Сити"

  • Англия чемпиону (2020-21-жылдыры, 2021-22-жылдары, 2022-23-жылдары)
  • Англия кубогунун жеңүүчүсү (2022-23-жылары)
  • Футбол Лигасынын кубогунун жеңүүчүсү (2019-20-жылдары, 2020-21-жылдары)
  • Англия суперкубогунун жеңүүчүсү (2019-жылы)
  • Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү (2022-23-жылдары)
  • УЕФА суперкубогунун жеңүүчүсү (2023-жыл)
  • Клубдар боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү (2023-жыл)

Испания курама командасы

  • 19 жашка чейинки оюнчулар арасында Европа чемпиону (2015-жыл)
  • 21 жашка чейинки оюнчулар арасында Европанын вице-чемпиону (2017-жыл)
  • УЕФА Улуттар Лигасынын жеңүүчүсү (2022-23-жылдары)
  • Евро-2024 чемпиону

Жеке жетишкендиги

  • "Globe Soccer Awards" версиясында жылдын мыкты жарым коргоочусу (2023-жыл)

  • Клубдук дүйнө чемпиондугунда мыкты оюнчу (2023-жыл)

  • Чемпиондор Лигасынын финалынын мыкты оюнчусу (2022-23-жылдары)

  • УЕФА Чемпиондор Лигасынын оюнчусу (2022-23-жылдары)

  • Евро-2024түн мыкты оюнчусу (2024-жыл)

Родри "Манчестер Ситиде" жылына 8 миллион 580 миң фунт стерлинг (евродо 10 миллиондон бир аз көбүрөөк) табат. Анын жумалык маянасы 165 миң фунтту (209 миң евро) түзөт.

Ошондой эле спортчунун 110 миллион еврого бааланганы айтылат.

Родриго бир нече жылдан бери Лаура аттуу кыз менен жакын мамиледе. Бош убактысын сүйүктүүсү жана үй-бүлөсү менен өткөрөт.

Ал футболдон тышкары стол теннисин ойногонду жана китеп окуганды жакшы көрөт. Ошондой эле чет тилдерин үйрөнүүнү улантып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан