Ошто эс алуу жайдан сел суусуна агып кеткен 19 жана 10 жаштагы кыздардын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, Андижан шаарынын Шахронсой сайынан болжол менен 2005-жылы туулган Н.М. жана 2014-жылы туулган Н.М. аттуу кыздардын сөөгү саат 14:30да коңшу өлкөнүн милиция кызматкерлери жана куткаруучулары тарабынан суудан табылып, Андижан шаарына жеткирилген.
Белгилей кетсек, кечээ, 14-июлда катуу келген селден улам Ош шаарындагы «Мөл-Булак» эс алуучу жайынан 4 киши агып кеткендиги боюнча маалымат кабарланган. Суу 44 жаштагы аялды жана анын 6, 10 жана 19 жаштагы кыздарын алып кеткен. Ошол күнү кечинде 6 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылган. Ал эми бүгүн, 15-июлда куткаруучулар аялдын сөөгүн Катта-Терек аймагындагы Ак-Буура дарыясынан алып чыгышты.
Айта кетсек, бул үй-бүлөдөн тышкары дагы бир аялды сел агызып кеткен. Учурда издөө иштери уланып жатат.