Ошто селдин кесепетинен дайынсыз болгон 4 жаранды издөөгө 350 адам чыкты

Бүгүн, 15-июль күнү селдин кесепетинен дайынсыз болгон 4 жаранды издөөгө 350 адам тартылды. Жалпы 5 адамды суу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.

Маалымдалгандай, кечээ, 14-июль күнү 2018-жылы туулган Н.С аттуу кыздын сөөгү Өзбекстандын Андижан шаарынын Шахронсой сайынан саат 22:40та табылган.

“Издөө-куткаруу иши 4 топко бөлүнүү менен башталды. Издөө ишине жалпы 350 адам тартылды. Анын 170и ӨКМдин куткаруучулары. Арасында 2 кинолог, суучул-куткаруучулар, ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 180 адам көмөктөшүүдө. Кошумча маалымат берилет”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан