Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды

Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында Toyota Avensis менен Mercedes-Benz W210 унаалары сүзүшүп, жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-июлда милицияга Каракол-Ананьево-Балыкчы жолунун 59-чакырымында жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Ош облусунун 68 жаштагы К.К. аттуу тургуну Toyota Avensis унаасы менен чыгышты көздөй бурулуп жатканда артынан келе жаткан Бишкек шаарынын 20 жаштагы Т.А.нын башкаруусундагы Mercedes-Benz W210 унаасы менен сүзүшүп кеткени аныкталган.

Кырсыктан Toyota Avensis унаасынын айдоочусу, анын жубайы жана 9 жаштагы небереси каза болгон. Ал эми Mercedes-Benz W210 унаасынын айдоочусу жана 2 жүргүнчү денелеринен жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-июлда SUPER.KG порталына окурман Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында катуу жол кырсыгы катталганын билдирип, сүрөттөр менен бөлүшкөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан