Бүгүн, 17-июль күнү кечке жуук Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында катуу жол кырсыгы катталды. Кырсыктын видеосун SUPER.KG порталына окурман жөнөттү.
Жол кырсыгы болжол менен саат 19:00 чамасында болгон. Анда Mercedes-Benz унаасы менен Toyota Avensis унаалары сүзүшкөн. Жерине МАИ кызматкерлери келип, унааларды айып короо жайына жүктөп кетишкен.
Кырсыктан жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок.