Ысык-Көлдөгү жол кырсык: Каза болгондор Аида Касымалиеванын ата-энеси экени айтылды

Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы жол кырсыгынан каза болгондор Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси жана алардын 9 жаштагы небереси экени айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда айрым ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аларды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-июль күнү саат 11де Ош шаарында болот.

Белгилей кетсек, жол кырсыгы 17-июлда болгон.

Облустук милициядан билдиргендей, чыгыштан батышты көздөй баратып кайрылып жаткан Toyota Avensis унаасы менен артынан келе жаткан Mercedes-Benz W210 унаасы сүзүшкөн. Toyota Avensis унаасынын айдоочусу, анын жубайы жана 9 жаштагы небереси каза болгон. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу жана 2 жүргүнчү денелеринен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Унааны 20 жаштагы бишкектик жигит башкарып бара жаткан.

SUPER.KG порталынын жааматы Аида Касымалиевага жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан