Өлкө башчы Садыр Жапаров элди маркумдарды жерге берүүдө ашыкча чыгымдан баш тартып, мүрзөгө эстелик тургузуп, тегерек-четин коруп албоого чакырган.
Жапаров жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде шарият боюнча мусулман баласынын көрүстөнүнүн үстүнө баалуу таштарды чектирип сүрөт коюуга, темирден тосмо тосууга, цемент-бетон колдонууга тыюу салынарын, кыргыз салтында дагы мындай жөрөлгө жок экенин билдирген.
Президенттин демилгеси коомчулукта талкууга алынды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы президенттин бул сунушу боюнча шаардыктардын пикирин угуп көрдү.