Каза болгон уулуна эч кандай эстелик койбогонун президент Садыр Жапаров "Ала-Тоо 24" телеканалы даярдаган "Көрүстөндөр көйгөйү" видеоматериалында айтты.
"Мен жыгачка эле аты-жөнүн жазып койгом, ал күнгө күйүп кеткендиктен жаңыртып койдук. Акыркы сапарга узатарда бир туугандарым чалып, "3 бодо мал даярдап койдук, жетеби?" деп сурашты. Мен телефондон "тоок да сойбойсуңар" дедим", - деди Жапаров.
Өлкө башчы Ысык-Көл облусундагы чоң ата, чоң энесинин сөөгү коюлган жерлерди көрсөтүп, мурун аларга да эстелик коюлганын, кийин алынганын айтып берген.
"Менин чоң атам менен чоң энемдин сөөгү ушул жерде жатат. Алар 1980-жылдардын аягында каза болушкан. Атамдын бир тууган иниси Жумакадыр деген байкем экөөбүз атама да, энеме да эстелик тургузганбыз. Биз дагы анда ташка чектирип, жаздырып, тегерегин темир менен коруганбыз. 1990-жылдардын аягында атам Меккеге барып келди. Өзү өмүр бою молдочулук кылган киши. Бирок мындай кылбаш керектигин билбесе керек. Кийин Меккеге барып келгенде "шарият боюнча мындай болбойт экен. Темир, цемент колдонгон болбойт экен. Арбак өзү кыйналат экен" деп бардыгын кайра алдырып, тазалатып салган", - деди өлкө башчы.
Ошондой эле видеоматериалда Садыр Жапаров өлкөдө ансыз да түздүк жерлер аз экенин, сөөк коюлган жерлер кийин кайра иштетүүгө берилбесе элди турак жай менен камсыз кылууда, азык-түлүк маселесинде көйгөй жарала турганын белгилеп, элди каза болгондорго таш, бетон менен эстелик тургузуп, айланасын корубоого чакырган. Мындан тышкары маркумдарды акыркы сапарга узатуудагы ашыкча чыгымдан арылуу керектигин белгилеген.