Жалал-Абад шаарындагы "Асман резиденс" 1,2,3 ипотекалык турак жайларын куруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, турак жай комплексиндеги үйлөр "Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында карапайым калкка 25 жылга ипотекага берилет.
"Ага байланыштуу, комплекс жалпысынан 639 батирден туруп, балдар үчүн аянтча жана паркингди камтыйт. Турак жайлар этап-этабы менен быйылкы жылдан тартып бериле баштайт", - деп билдирген Туманбаев.
Эске салсак, буга чейин Жалал-Абадда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип, кайра мамлекетке кайтарылган жерлерге ипотекалык үйлөр курулуп жаткандыгы белгилүү болгон.