Жалал-Абад облусунда мамлекетке кайтарылган жер тилкелерине ипотекалык үйлөр курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак айылынын аймагындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлекетке кайтаруу иштеринин натыйжасында 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында 22 гектар жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлүп, жалпы суммасы 4 миллиард 170 миллион 432 миң сомду түздү.
"Учурда бул жер тилкелеринде Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарын арзан турак жай менен камсыздоо программасынын алкагында 10 турак жай комплексин куруп жатат. Курулуп жаткан турак жай комплекстери жалпы аянты 424 миң 478 чарчы метр болуп, 6610 батирди жайгаштыруу пландаштырылууда.
Мындан тышкары комплекстердин аймагында жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн зарыл инфраструктура, анын ичинде балдар жана спорт аянтчалары (13 миң 140 чарчы метр), жер астындагы унаа токтотуучу жайлар (2105 орун) каралган", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле бул жер тилкелерине башка социалдык объектилерди, атап айтканда, университет, мектеп, бала бакчаларды куруу пландалып жатканы кошумчаланды.