Польшада Санта Клаустун формасын кийген мас абалындагы жаран атка чиркелген чанасы менен баратып жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 25-декабрда кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Санта Клаус жана анын курбу кызы жолдогу өткөн-кеткендерге салам айтып, ыр ырдап баратышкан. Ошол учурда жолдон өтүп бараткан унаалардын бири жолду бошотуу үчүн сигнал бергенде үндөн чочуган ат үркүп, жыйынтыгында чана ала салып кеткен. Жыйынтыгында Санта Клаус менен курбусу жол четиндеги дубалга урунуп, оор абалда ооруканага жеткирилген.
Азырынча алардын жоопко тартылганы-тартылбаганы тууралуу маалымат айтыла элек.