Социалдык адаптация борборунан качкан дагы бир бала изделип жатат

Бишкектеги Балдардын социалдык адаптация борборунан качып кеткен дагы бир бала изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-июлда милицияга К.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал аталган борбордон 17 жаштагы Барсбек Паратбеков качып кетип, дайынсыз болуп жатканын айткан.

Белгилери: бою 160 сантиметр, орточо дене түзүлүштө, көзү, чачы кара.

Кийген кийими: кара футболка, кара түстөгү шым, бутунда кара шлёпка болгон.

Милиция жогорудагы баланы көргөн-билгендер болсо 0(312) 35-29-47, 0(777) 86-97-97, 0(700) 86-09-09, 0(773) 90-94-65 номерлерине кайрылууну суранат.

Белгилей кетсек, буга чейин да аталган борбордон качып кеткен 14 жаштагы Умар Анарбаевдин изделип жаткандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан