Социалдык адаптация борборунан качып кеткен өспүрүм изделүүдө

Бишкекте 14 жаштагы Умар Анарбаев изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-июлда милицияга А.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал Курчатов көчөсүндө жайгашкан Балдардын социалдык адаптация борборунан качып кетип, дайынсыз болуп жатканын айткан.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык дене түзүлүштө, көзү, чачы кара.

Кийген кийими: кызыл футболка, ак түстөгү чолок шым, бутунда кара шлёпка болгон.

Милиция жогорудагы баланы көргөн-билгендер болсо 0(312) 35-29-47, 0(777) 86-97-97, 0(700) 86-09-09, 0(773) 90-94-65 номерлерине кайрылууну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан