Ош шаарынын мурунку вице-мэри Жасур Азимов кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 24-июлда облустук соттон тастыктады.
Маалыматка ылайык, ал УКМК тарабынан кармалган.
Азимов Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен шектелип жатат.
Соттун 20-июлундагы токтому менен ал 18-сентябрга чейин камакка алынды.
Белгилей кетсек, Жасур Азимов вице-мэрлик кызматтан 2023-жылдын апрель айында кеткен.