Юсупов Замир Байышович Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кол койгон.
Аталган кызматты буга чейин Жасур Азимов жетектеп келген.
Замир Юсупов 2021-жылы мэрдин биринчи орун басары кызматын аркалаган. Ушул жылдын сентябрь айында Алмаз Мамбетов мэр болуп дайындалгандан кийин, кызматтан кеткен болчу.
Ал президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мурунку биринчи орун басары Байыш Юсуповдун уулу.