УКМК Ош шаардык мэриясынын мурдагы кызматкерлерин кармады. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 24-июлда SUPER.KG порталына облустук соттон тастыктады.
Маалыматка ылайык, экс-вице-мэр Жасур Азимов, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Ашимжан Семетеев, Ош архитектура башкармалыгынын мурунку башчысы Алтынбек Токошев жана Кара-Суунун Отуз-Адыр айыл аймагынын башчысы Ильяз Сансызбаев кармалган.
Кармалгандардын баары Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен шектелип, ушул жылдын 18-сентябрына чейин камакка алынды.
Белгилей кетсек, буга чейин Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеевдин да кармалганы, 16-сентябрга чейин эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулганы айтылган.