Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда SUPER.KG порталына облустук соттон кабарлады.
Маалыматка ылайык, Абыкеевдин бөгөт чарасы 23-июлда каралып, анда УКМКнын тергөөчүсүнүн “үй камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандоо” жөнүндөгү өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылган.
Сот аны 16-сентябрга чейин эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотту.
Белгилей кетсек, 22-июлда Абыкеевдин кармалганын айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен шектелип жатат.