Быйыл Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматалы атындагы орто мектепте иштеген мугалим Перизат Бейшенбаева эмгек өргүүдө төлөнүүчү акынын эң жогорку төлөмүн алды. Бул туурасында бүгүн, 25-июлда президенттин администрациясынын маалымат саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасында бөлүштү.
Анын айтымында, бул президенттин мугалимдердин айлык акысын көтөрүү боюнча жарлыгынан соң берилүүдө. Мугалим быйыл 187 миң сом өргүү акысын алган.
Белгилей кетсек, 1-апрелден тарта Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, билим берүүнүн бардык тармагындагы кызматкерлердин айлыгы 50 пайыздан 80 пайызга чейин жогорулатылган. Ошондой эле педагогдордун эмгек акысын төлөө шарттарына өзгөртүүлөр киргизилип, мугалимдердин эмгек акысын ставка боюнча төлөөгө өткөрүлгөн.