Сентябрь айында мугалимдер көбөйтүлгөн маяналарын алууну улантат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сентябрда мугалимдердин айлыгы азайтылат деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, билим берүүнүн бардык тармактарындагы кызматкерлердин айлыгы 50 пайыздан 80 пайызга чейин жогорулатылган. Ошондой эле педагогдордун эмгегине акы төлөө шарттарына өзгөртүүлөр киргизилип, мугалимдердин эмгек акысын ставка боюнча төлөөгө өткөрүлгөн.
"Ошону менен бирге тарифтик ставка (эмгек акы) минималдуу базалык ставканын өлчөмүн көптүк коэффицентке көбөйтүү жолу менен эмгек акыга жана ставкаларга эсептелет.
Буга байланыштуу 1-сентябрдан тарта мугалимдердин көбөйтүлгөн эмгек акылары сакталат", - деп жазылат министрликтин маалыматында.
Белгилей кетсек, Кыргыз жергесинде 1-апрелден тарта билим берүү уюмдарында иштеген кызматкерлердин айлыгы 80 пайызга чейин жогорулатылган.