Кыргызстандагы дарыгерлердин айлыгы 1-сентябрдан тарта 50 пайызга чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында айтты.
Анын айтымында, дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50 пайызга, медайымдардын маянасы 20 пайызга, кенже медицина кызматкерлеринин жана "Тез жардам" кызматынын айдоочуларынын айлыктары 10 пайызга чейин көбөйөт.
"Эгер мурун педиатр 30-35 миң маяна ала турган болсо, эми айлыгы көтөрүлүп, компенсация төлөгөндөн кийин 68 миңден 75 миң сомго чейин алат. Аймактардагы көйгөйлөрдү ушинтип чечип жатабыз", - деди министр.
Белгилей кетсек, 1-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койгон.