Садыр Жапаров дарыгерлердин маянасын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду 

Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарлыкка өлкөдөгү медицина кызматкерлерине жана саламаттыкты сактоо уюмдарына эмгек акы төлөө системасын жакшыртуу максатында кол коюлган.

Жарлыктын негизинде ушул жылдын 1-сентябрынан тарта дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50 пайызга, орто медициналык персоналдын маяналары 20 пайызга, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле "Тез жардам" кызматынын айдоочуларынын кызматтык маяналары 10 пайызга чейин жогорулаары айтылат.

"Өлкө башчы мисал катары буларды келтирди: мурда өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сом маяна алса, эми айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация алгандан кийин 50 миң 205 сом алат. 35 миң 481 сом алган анестезиолог, реаниматолог, айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация төлөнгөндөн кийин 73 миң 222 сом алат. 32 миң 474 сом айлык алган педиатр айлык маянасы көтөрүлүп, 20 миң сом өлчөмүндө, компенсация төлөнгөндөн кийин 68 миң 709 сом алат.

Буга чейин клиникалык ординатордун стипендиясы 1200 сом болчу. 1-июлдан тарта стипендиянын суммасы 20 миң сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Жапаров алыскы аймактарда саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатуу максатында ушул жылдын 1-июлунан тартып жаш адистерге айлык акысына кошумча стипендия берүү жана дарыгерлердин депозитинин көлөмүн көбөйтүү маселеси чечилгенин белгилеген.

Өз кезегинде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка өлкөлөргө салыштырмалуу бүгүнкү күндө өлкөдө 10 миң адамга 17,5 пайыз дарыгерлер туура келерин билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 1-июлунан баштап биринчи этапта төмөнкү төлөмдөр күтүлүүдө: өлкөнүн алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттыкты сактоо уюмдарына (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) иштөө үчүн жиберилген талап кылынган врачтык адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия, анестезиолог-реаниматологдор) 20 миң сом өлчөмүндө кошумча компенсациялык төлөмдөр каралууда. 1-июлдан тартып кошумча каражаттарга керектөө 380,9 миллион, жылдык керектөөсү 761,8 миллион сомду түзөрү маалымдалат.

"Өлкө башчы мындай чаралар дарыгерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттин комплекстүү аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналарына басым жасады.

Садыр Жапаров мындай чаралар медицина кызматкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча аракеттердин бир бөлүгү экенин кошумчалай кетти. Ал көрүлгөн чаралар кыргызстандыктарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатарын айтып, медиктердин эмгеги жогору бааланышы керектигин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан