"Атамдын көзү өтүп кеткенден кийин машыгуу оор болду". Англиядан Францияга чейинки жолду багындырган Чыңгыз менен маек

Биз Enduroman Arch to Arch аталышындагы экстремалдуу жолду басып өткөн өлкөнүн Триатлон федерациясынын президенти Чыңгыз Алканов менен маек курдук. Ал өлкө тарыхында дүйнөдөгү эң татаал жолду багындырган алгачкы кыргызстандык, ал эми дүйнө жүзү боюнча бул жолду басып өткөн 58-триатлончу болду. Маектешибиз буга кандай даярдык көргөнүн жана таасирлери менен бөлүштү.

- Мындай жолду басып өтүүгө эмне түрткү болду?

- Чечим кабыл алуу кыйын болду. Уюштуруучулар 2024-жылы катыша турганымды 2022-жылы бекиткен. Ковидден кийин абалым начарлагандыктан машыгуум жакшы болбой калган. Ошондуктан көп аракет кылууга туура келди.

- Даярдык көрүүдө кыйынчылыктар болдубу?

- Мен дээрлик жарым жыл туруктуу жана адаттан тыш машыгып жүрдүм. Кышында Германиядан атам чалып, ашказан рагы менен ооруп, операция болорун айтты. Ал кезде атам 90 жашта эле. Албетте, мен ага дароо жетип бардым. Операциядан кийинки күнү атабыздан айрылып калдык. Бул учур мага канчалык оор болгонун айтып берүү кыйын.

- Арты кайрылуу болсун! Ушундай окуядан кийин машыгууга кантип кайтып келдиңиз?

- Дароо эмес. Чынын айтсам, артка чегинүүнү ойлогом. Кырк күндөн кийин уюштуруучуларга атамдын каза болгондугуна жана даярдыгымдын жоктугуна байланыштуу катыша албай турганымды билдиргем. Алар мага ишеним көрсөтүшүп, кайтып келүүмдү айтышты. Испаниянын Ланзароте аралында Arch to Arch уюштуруучулары тарабынан спорттук кэмп болуп өттү. Ал жерде жакшы жыйынтыктарды көрсөттүм. Ойлонууга да мүмкүнчүлүк болду. Атам максатынан эч качан кайтпай турганын түшүндүм. Мындан тышкары уюштуруучулардын мага болгон ишеними дем берди.
Ошондой эле Дмитрий Ростягаев деген машыктыруучум жардам берди. Ал мени 2015-жылдан бери машыктырып келет. Апрель айынын биринчи жарымында Аланияга машыгуу үчүн даярдык көрүүгө барып калдым. Ал жерден машыктыруучум мага марафондук чуркоо жана 10 чакырым аралыкка сүзүү боюнча атайын программа түзүп берди. Ошондон кийин баары эле жеңил болуп калды. Ковиддин жаңы түрүнө окшош инфекция менен ооруп калдым. Денем ооруп, өзүмдү начар сезип жатсам да машыгууну токтоткон жокмун. Башында сууда сүзүүдөн коркуп жүрдүм, себеби деңизде медузалар көп болчу. Бирок кийин Ла-Манш кысыгында алардын мындан да көп болорун ойлодум. Коркконумду жеңип, сууда сүзүүнү андан ары уланта бердим.

- Ла-Маншта чын эле бар экенби?

- Ооба, бирок сулуураак (күлүп).

- Кысыктын өзүндө да машыктыңызбы?

- Ооба, май айынын аягында Каледеги (Франция) мелдешке учуп келдим. Ал жерден 20 чакырым аралыкка 4,5 саатта сүзүп, Ла-Маншта бардыгын аба ырайы жана суунун агымы чечерин түшүндүм. Буга чейин бул аралыктан ашык сүзгөн эмесмин. Интернеттен карасам кысыктын туурасы болжол менен 35 чакырым экен. Кийин жаңылганымды билдим. Көрсө, 58 чакырым экен. Колум менен сүзүүгө туура келди, жарыштан кийин буттарым катуу ооруп чыкты.

- Муну алдын ала айтса болот беле?

- Мындай машыгуулардын алдында эки эсе көп машыгуу керек. Жарышта машыктыруучумдун жоктугу да таасир тийгизди, анткени эч ким мага так көрсөтмө бере алган жок. Мени ал гана жакшы билчү, көзүмө карап эле баарын билип койчу.

- Мындай учурда сизди ийгиликке эмне жеткирди деп ойлойсуз?

- Коркуу менен шектенүүнү жеңүү. Колдоо да маанилүү роль ойнойт. Мени колдоп 5 киши келген. Уюштуруучулар "жубайыңарды өзүңөр менен бирге кайыкка албагыла" дешкен. Албетте, мен жубайым Маринаны жаныма алып алдым. Анын кеменин арткы жагына туруп алып мага тамак бергени көңүлүмдү көтөрөт болчу. Анын үстүнө ал жанымда болгондо эрте уктайм, мындай жарышта уйку маанилүү эле. Жубайымдан тышкары жеке жардамчым, эжем жана Бишкектеги машыктыруучум да колдоп келишти. Жарыш башталар алдында таанышып калган Алла деген айым да колдоо көрсөттү. Уюштуруучулар мени колдоп келгендерди көрүп алышып "мыкты команда" деп суктанышты.

- Жарыштын эң кыйын бөлүгү кайсы болду?

- Жарыштын өзү (күлүп). Баары чуркоодон башталды. Биринчи марафонду оңой эле чуркап өттүм. Чуркоодо 12 саат дегенде 75-чакырымда буттарым ооруй баштады. 9 сааттан кийин 110 чакырым басып өтүп, капысынан буттарым мени көтөрө албай калганын сездим. Көзүмдү туман басып, чөптүн үстүнө жатып калып, титиреп баштадым. Колдоп келген адамдарым жаныма келе калышып бул абалдан чыгарышты. Ал учурда баш тартуу каалоом чоң болуп турган. Мени колдоп жатышкандарын көрүп, күч топтоп, басып кеттим. Оору чыдагыс болчу, ал жерде эмне болгонун жакшы эстей албайм. Машыктыруучум жанымда болуп, азык-түлүк жана кол чыракты көтөрүп жүрдү. Жол көрсөтүп, дем-күч берип турду. Финишти көргөндө эч нерсени сезбей калдым, жөн гана жуунуп, уктагым келди. Финалдык жарыш убактысы 28 саат 4 мүнөттү түздү.

- Ошондо бул башталышы эле болгонбу?

- Ооба. Мындай кыйын жолдон эч ким өтпөсө экен деп ойлодум.

- Андан кийин Ла-Маншты кантип сүзүп өттүңүз?

- Чынын айтсам, эртең менен белгиленген убакытта эч кайда сүзбөйм дедим. Бул чоң тобокелчилик болчу, бирок укташым керек болуп турду. Кудай жалгап, ошол күнү кечинде командам бир кайык табышыптыр. Бир аз эс алгандан кийин Ла-Маншты сүзүп өтөрүмө ишенип калдым. Буттарым ооруп жаткандыктан, кол менен гана сүзүүнү чечтим.

- Колдоруңуз ооруган жокпу?

- Ооруду десем да болот. Эртеси түшкө жакын Францияны көрдүм. Өмүрүмдө биринчи жолу сынып калуу деген эмне экенин терең түшүндүм. Ошентип 18 саат, 18 мүнөт дегенде 58 чакырым жолду сүзүп өттүм.

- Велосипед менен барганыңызды да айтып берсеңиз.

- Жолдо абанын табы +35 градуска жеткен. Кесилиштер, жол чырактары бар адырлар менен конуштар көп экен. Ошондуктан жай ылдамдык менен Парижге 19 саат 19 мүнөттө жеттим. Олимпиада оюндарынын алдында бүтүндөй шаар зоналарга бөлүнүп, көп жерлерде унаалар үчүн жол жабылган. Албетте, велосипед тээп бара жатып кулаган учурларым болду. Мисалы, ташка урунуп, унаа жолго кулап калганым. Ошондо дароо эле дөңгөлөктөр жарабай калды го дегем, бактыга жараша, эч нерсе болбоптур. Ошентип 98 саат 44 мүнөт дегенде 500 чакырым жолду багындырдым.

- Бул тажрыйбаңыздан эмнени үйрөндүңүз?

- Өзүмдү башка тараптан тааный алдым. Туура мамиле жана ийгилик менен бардыгына жетүүгө болорун түшүндүм. Атам менин триатлон боюнча машыгуумду эч качан колдогон эмес, анткени ал ден соолугума, коопсуздугума тынчсызданган. Бирок ал мени менен сыймыктанарына ишенем.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан