Кечээ, 30-июлда ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө окурмандар кайрылып, Бишкектин чыгыш тарабындагы Лебединовка айылында жайгашкан LISBON мейманканасында казино иштеп жатканын билдирген.
Бүгүн SUPER.KG порталына LISBON аталышындагы мейманканада иштеп жаткан казино "Золотая Король" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык экенин аталган компаниядан билдиришти.
Маалымдалгандай, ЖЧКга ушул жылдын 13-мартында Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан кумар оюндарын уюштуруу үчүн тиешелүү лицензия берилген.
Ошондой эле компания Юстиция министрлигинин каттоосунан 2023-жылдын 24-апрелинде өткөнүн тактап, андыктан өлкө мыйзамдарына ылайык иш алып барып жатканын белгиледи.
Эске салсак, өлкөдө казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров 2022-жылы 30-июнда кол койгон.
Бийлик казино иштетүүчү тарапка атайын лицензия берилип, катуу көзөмөлгө алынарын жана өлкө аймагына ачыла турган кумарканалар чет өлкөлүктөр үчүн гана иштей турганын билдирген.
Буга чейин расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө тийиштүү лицензиясы бар 2 казино гана иш алып барып жатканы маалым болчу. Алар "Гранд казино" жана "Казино Кристал". "Гранд казино" лицензияны 2023-жылдын май айында алса, "Казино Кристалга" сентябрь айында берилген.