SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган окурман Бишкектин чыгыш тарабындагы Лебединовка айылында жайгашкан LISBON мейманканасында казино иштеп жатканын билдирди.
"Имаратта казино деп ачык эле жазылып турат. Ал жерге жол тандабас минген жаш балдар кирип, чыгып калышат", - деди ал.
Эске салсак, өлкөдө казино ишмердигине уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров 2022-жылы 30-июнда кол койгон. Аталган мыйзам парламентте талаш-тартыш менен кабыл алынган.
Бийлик казино иштетүүчү тарапка атайын лицензия берилип, катуу көзөмөлгө алынарын жана өлкө аймагына ачыла турган кумарканалар чет өлкөлүктөр үчүн гана иштей турганын айтып келет.
Расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө тийиштүү лицензиясы бар 2 казино гана иш алып барууда. Алар "Гранд казино" жана "Казино Кристал". "Гранд казино" лицензияны 2023-жылдын май айында алса, "Казино Кристалга" сентябрь айында берилген.
Мындан тышкары өкмөт кумарканалардын ачылышы өлкө казынасына 2 миллиард сомго жакын акча алып келерин билдирген. Бирок расмий маалыматтар боюнча, айтылган сумма түшкөн эмес. Жогорку Кеңештин депутаттары Нуржигит Кадырбеков менен Балбак Түлөбаев казинодон күткөндөй киреше түшпөгөндөн кийин кумарканаларды иштетүүгө тыюу салынышы керектигин айтып чыккан.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.