"Алга" спорт комплексинин курулушу кайсы этапта жүрүүдө? (сүрөттөр)

Бишкек шаарында мурдагы "Эмгек резерви" учурда «Алга» спорт комплексинин курулушу кызуу уланууда. Бул боюнча мэрия билдирип, жумуш учурунда тартылган сүрөттөр менен бөлүштү.

Ага ылайык, учурда ФИФА 4 стандартындагы футбол аянтчасын жана эки машыгуу аянтчасын камтыган спорттук имараттын курулушу жүрүп жатат.

Маалымат үчүн: Республикалык «Эмгек резерви» дене тарбия жана спорт борбору буга чейин спорттук мелдештерди өткөрүү борбору болгон. 2023-жылдын 28-декабрында Акылбек Жапаров «Эмгек резерви» Республикалык дене тарбия жана спорт борборунун жер тилкелерин, имараттарын жана курулуштарын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө токтомго кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан