Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Республикалык «Эмгек резерви» дене тарбия жана спорт борборунун аймагында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Азыркы учурда «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы тарабынан стадиондун аймагындагы авариялык абалдагы куураган дарактарды алуу боюнча иштер башталды.
Белгилей кетсек, алардын ордуна 300 даана жашыл бак-дарактарды отургузуу пландалууда.
Мэр тиешелүү кызматтарга реконструкция процессин тездетүүнү, ал эми калган бөлүмдөргө бул процессте ыкчам көмөк көрсөтүүнү тапшырды.
Маалымат: Республикалык «Эмгек резерви» дене тарбия жана спорт борбору буга чейин спорттук мелдештерди өткөрүү борбору болгон. 2023-жылдын 28-декабрында Акылбек Жапаров «Эмгек резерви» Республикалык дене тарбия жана спорт борборунун жер тилкелерин, имараттарын жана курулуштарын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө токтомго кол койгон.