Жети-Өгүздө дайынсыз болуп жаткан аялдын сөөгү табылды

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 19:00 чамасында ӨКМдин Жети-Өгүз райондук N36 Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана дайынсыз жоголгон жарандын туугандары тарабынан 1951- жылы туулган С.Г. аттуу аял кишинин сөөгү Чоң Кызыл-Суу суусунан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, 1-августта саат 8:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Чоң Кызыл-Суу суусунун жээгинен аталган жарандын бут кийими табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Жети-Өгүз районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 13 куткаруучу 1 дрон аппараты менен жана РИИБден 14 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

Ошондой эле 29-июль күнү саат 15:00 чамасында Түп районунун Ынтымак айылында 1978-жылы туулган Чүй облусунун М.С. аттуу тургуну көлдүн жээгинде эс алып жүргөн жеринен дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ушул тапта жеринде дайынсыз жоголгон экинчи жаранды издөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан