Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон 2 киши изделип жатат

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз жана Түп райондорунда дайынсыз жоголгон 2 киши изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга бүгүн, 1-августта саат 8:00 чамасында маалымат келип түшкөн. Анда 73 жаштагы С.Г. аттуу аял кишинин бут кийими Чоң Кызыл-Суу суусунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы белгиленген.

Ошондой эле 29-июль күнү саат 15:00 чамасында Түп районунун Ынтымак айылында 1978-жылы туулган Чүй облусунун М.С. аттуу тургуну көлдүн жээгинде эс алып жүргөн жеринен дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ушул тапта жеринде аталган 2 жаранды издөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан