Биз социалдык тармакта

Токмокто дайынсыз жоголгон 52 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Чүй облусунун Токмок шаарында дайынсыз жоголгон 52 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-августта саат 15:00 чамасында бир нече күндөн бери изделип жаткан Ж.Т.нын жансыз денеси Токмок шаарындагы Дунларов көпүрөсүнүн астынан табылган.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Токмок шаарында беш баланын энеси изделип жаткандыгы маалымдалган. Ал 28-июль күнү саат 8:30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан