Чүй облусунун Токмок шаарында беш баланын энеси 52 жаштагы Жумагүл Тухтабаева изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 28-июль саат 8:30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы кара түстө, көзү күрөң, дене түзүлүшү орто, өзгөчө белгилери жок.
Кийген кийими: сезонго жараша кийинген.
Милиция көргөн-билгендер болсо 0312 60-73-63, 0313-86-31-02, 0701 13-35-12 (нөөмөт бөлүмү) номерлерине кайрылууну суранат.