Бишкек-Балыкчы-Бишкек каттамындагы жүргүнчүлөрдү ташыган поезд 31-августта токтойт. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта "Кыргызтемиржолу" ишканасынан билдиришти.
"Кыргызтемиржолу" ишканасы эгерде аталган каттамды 15-сентябрга чейин узартууну каалагандар болсо, анда сурамжылоого катышуу керектигин билдирген.
Белгилей кетсек, аталган поезд каттамы 16-июндан тарта иштей баштаган.