Эртең, 16-июндан тарта Бишкек-Балыкчы жүргүнчү поезди каттап баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, каттам 16-июндан баштап жума, ишемби, жекшемби күндөрү каттаса, 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө каттайт.
Убактысы:
Бишкектен саат 07:40та чыгып, Балыкчы бекетине саат 11:42де жетет.
Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке 21:50дө жетет.
Белгилей кетсек, поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар.