Бүгүн, 9-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбук социалдык тармагына "Парижден кат" деп атаган билдирүүсүн жарыялады. Анда ал социалдык тармактардагы фейк жана дезинформация менен күрөшүүгө багытталган мыйзамдарды иштеп чыгып, аны тараткандарга чара көрүү керектигин билдирген.
Анын айтымында Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун финалга чыккан беттешинен кийин куттуктоо билдирүүлөрүнүн ордуна фейк маалымалттарга толгон билдирүүлөрдү алган. Ошол замат чукул жыйын өткөрүшкөн.
"Франциядагы элчибиз Садык Шер Нияз “тез чогулуп сүйлөшөлү, акыбал начар, балдарды ачка калтырдынар деп жазып атышат” деп телефон чалып чогултту. Мен ошол замат Спорт департамент жетекчиси Айбек Абдымомуновго жана Улуттук Олимпиада комитети баш катчысы Кылыч Сарбагышевге чалып, эмне болуп атканын билгим келди.
Көрсө, кайсыл бирөөлөр Бишкектин муз сарайындагы мурдагы бир видеону чыгарып, ал жерде балбандарыбыз жерге отуруп тамактанып атышканын көргөзүп “мына Париждеги балдар” деп кабатырлангансып, байкуш элибизди дүрбөлөңгө салыптыр", - деп жазган ал.
Байсалов жалган билдирүү тараткандар Кыргызстанга доо кетирип жаткандыгын айтып, аларга мыйзамдуу чара көрүү мезгил талабы кендигин билдирди.