Социалдык тармактарда кыргыз балбандарынын мелдеш алдында тамактанып отурган видеосу тарады.
Көпчүлүк интернет колдонуучулары муну Парижде тартылган видео экенин айтып, Олимпиада оюндарынын уюштурулушуна нааразы болууда. Ал эми Франциядагы элчи Садык Шер-Нияз бул кадрлар Азия чемпиондугунда тартылган эски видео экенин билдирди.
"Силердин ар бириңерди үйгө чакырып, күнүгө үч маал тамак берүүгө кандай куштар экенимди билсеңер... Айла жок, Олимпиаданын шарты катуу экен, ал ишти аткара албай жатамын. Азыр уюштуруучулар атайын өзгөчө тамак-аш менен силерди камсыздап жатканын да билем. Бирок эски видеону көрүп, андан чуу чыгарган патриот жарандарыбызды бөлүнбөөгө чакырам", -деди элчи.
Буга чейин балбан Үзүр Жузупбеков курама командада диетолог, психолог жок экенин, алардын кызматын машыктыруучулары аткарып калганын белгилеген. Ошондой эле ирандык атаандашы менен болгон беттештин алдында өзүн бир аз начар сезгенин айткан.