Бишкекте эл аралык айтыштын тандоо турунан өткөн акындардын тизмеси (видео)

Бүгүн, 12-августта Бишкекте ХVII “Айтыш-2024” төкмө акындардын эл аралык айтышынын тандоо туру болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Манас" театрынан билдиришти.
Ага ылайык, тандоо турга жалпысынан 32 акын катышып, алардын ичинен 10 акын эл аралык айтышка жолдомо алды.
Айтышка жолдомо алган акындар:
1. Асылбек Маратов
2. Кубат Тукешов
3. Акматбек Султан уулу
4. Турат Жумаев
5. Темирбек Матыбаев
6. Баян Акматов
7. Жибек Сапар кызы
8. Мамбеттокто Мамбеторозо уулу
9. Элмирбек Иманалиев
10. Изат Айдаркулова
Белгилей кетсек, кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы 31-августта жана 1-сентябрда борбор калаада өтөт. Байге фонду 3 миллион сомду түзөт.
Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан